Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ардагерлерге таазим

      “Эч качан согуш болбосун... ата-эне баласынан ажырап, кайгырып, капа болуп көзүнө жаш толбосун”- деп согуш апаатын көргөн карыялар сөз кылганы барыбызга маалым. Мына ошол кан төгүлгөн кандуу согуштун аяктагандыгына 73 жыл болду.  Согуш мезгилиндеги 17 жаштагы кырчындай кыз- жигиттер бүгүн туура 90 жашка толуп, карылыктын дооранын сүрүп турган мезгили.  Алар ар дайым сыйлоого татыктуу!

          Бишкек гуманитардык университетинин жетекчилиги жана профсоюздук комитети тарабынан, согуштун жана эмгектин ардагерлерине,  9-май Улуу жеңиш майрамын утурлай,  атайын даярдалган белектер жана акчалай жардам көрсөтүлүп, карылардын батасын алууга жетишти.