Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ардагерлер ак баталарын беришти

      

2014-жылдын 1-октябрь  күнү  Ноокен  районунун №16 Ж. Турусбеков атындагы  орто  мектебинин  чогулуштар  залында «Мугалим  ардактуу  инсан» темасында райондук иш-чара  өткөрүлүп, 65-75 жаштагы   ардагер  мугалимдер катышты. Иш-чара карыялар  жана  мугалимдер күнүнө  карата өткөрүлүп,  аны  Ноокен  райондук  мамлекеттик администрациясынын  башчысы-аким  А.К. Осмонов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Козуев, билим, илим  профсоюзунун  райондук  комитетинин төрагасы А. Айдаров  куттукташты.                                                                                                    

   Ардагерлерге Ноокен  районунун  билим  берүү  тармагынын   «Билим  берүүнүн  ардагери»  төш  белгилери салттанаттуу түрдө тапшырылды. Ардагерлерге  аталган концерттик  программа тартууланды. Ардагерлер билим  берүү  тармагын жана мамлекетибиздин өнүгүүсү  үчүн салымдарын кошоорун билдиришип  ак  баталарын  беришти.

 

№16 Турусбеков атындагы орто мектебинин профсоюз уюмунун төрайымы Нургул Тагаева