Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ардагерлер – Мектепте – РПКда

Мындан 30 жыл мурда өздөрүнүн иинтернационалдык милдеттерин аткарып Ооган өлкөсүнөн кубанычтары койнуна батпай өз мекенине кайткан жоокер мекендештерибиздин эрдиктери, баштарынан өткөргөн апаат күндөрү жөнүндө биз айтпасак  да тарых барактары эскерип келет.

Ооган согушунун ардагерлеринин өкүлдөрү 2019-жылдын 15-февраль күнү А.Таӊатаров атындагы интернат-гимназияда болуп, Ооган жергесинде интернационалдык милдеттерин аткарып келгендиги жана баштарынан өткөргөн апаат күндөрү жөнүндө окуучуларга маек куруп беришти. Окуучуларга өздөрүнүн акыл-насааттарын айтышты жана аларды достукка, биримдикке, жакшы окууга чакырды. Ардагерлер окуучулардын куттуктоолоруна күбөө болушту.

Азыркы учурда билим берүү тармагында эмгектенип жатышкан Ооган согушунун ардагерлери райондук билим  берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик  комитетинин майрамдык куттуктоосунда болду. РПКнын төрагасы И.Мырзамидинов ардагерлерди майрамы менен куттуктап, аларга чыӊ ден-соолук, узун өмүр,  иштерине  ийгиликтерди тиледи.

Ошондой эле ардагерлерге райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан материалдык колдоо көрсөттү. Ооган согушунун ардагерлери РПКга өздөрүнүн  ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Өзгөн РПК