Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

АРДАГЕР МУГАЛИМДЕР ЭС АЛУУГА ЧЫГЫШТЫ

     Б.Байназаров атындагы башталгыч мектептин пенсияга чыгып, дале болсо эмгектенип келе жаткан мугалимдери Бактыкан Жунусова, Расабай Шамуратов, Махамат Дыйкановдор  ардактуу эс алууга кетүүнү чечишкен. Мектеп жетекчилиги менен баштапкы профсоюз уюму бул мугалимдерди мектептен узатуу аземин уюштуруп, ага ройондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Зайитов, райондук комитеттин төрагасы Т.Жумаев, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары  З.Темиров жана мектепин мугалимдер жамаатары жана ата-энелер кече ээлеринин мурунку кийинки окуучулары  катышышты. Бул кечеде жогоруда аты аталган мугалимдердин билим берүү тармагындагы жетишкен ийгиликтери, бирге иштешекен мугалимдер менен, эл менен, ата-энелер менен болгон жылуу мамилелери жөнүндө жылуу, эстен кеткис сөздөр болуп ага мактоо сөздөр, ыраазычылыктар айтылды.  Сыйлыктар тапшырылды.

Кеченин аягында ардагер мугалимдерге  райБББнын башчысы жана райондук комитеттин төрагасы жылуу сөздөрүн айтышып,  алып барган белектерин  тапшырып кайтышты.

 

РПКнын жетектөөчү адиси                                        Б.Абдыразакова