Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ардагер агайыбыздан кабар алынды

Ж.Шамуратов Базар-Коргон районунда мектепте 42 жылдан ашык эмгектенип, азыр ардактуу эс алууда. Ал билим берүүнү жакшыртууга, окуучуларга таалим-тарбия берүүгө зор салымын кошкондордун бири. Анын үзүрлүү эмгеги бир катар сыйлыктар менен белгиленген. Согуш маалында тылда кол кабыш кылган. Улуу Жеңиш күнү ардагер-педагогду майрамы менен Базар-Коргон райондук мамлекеттик  администрациясынын башчысы-аким Б.С.Козуев жана Базар-Коргон райондук кесиптик бирлик комитетинин  төрагасы  С.Жаркынбаев куттукташты жана майрамдык белек беришти.

 

Маалыматты даярдаган: райКБКнын инспектору К.Асыранкулов