Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Араванда заманбап үлгүдө бала бакча ачылды

Араван районуна караштуу Маңгыт айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылында балдар үчүн “Кишимжан” билим берүү комплекси ачылды. Мындан ары айылдын жаш балдары райондун борборуна каттабай, өз айылындагы жаңы ачылган бакчадан билим алышат. Бул бала бакча экс депутат, жеке ишкер жана аталган айылдын тургуну Элмурат Обдунов тарабынан курулуп, айыл элинин дагы бир муктаждыгын чечип берди.

Жеке ишкердин айтымында ачылган бакча буга чейин өз үйү болгон жана аны бөбөктөр үчүн бала бакчага айлантуу мурунтан башкы максатынын бири болгонун белгилейт.

“Кишимжан” билим берүү комплекси жалпысынан 80-90 балага ылайыкташып, тамактануучу, уктоочу жана ойноочу, жуунучу бөлмөлөрү заманбап шартта даярдалып, материалдык база толук кандуу каралган. Ар бир бала үчүн айына 3000 сом төлөнөт, ошондой эле күнүгө 4 ирет тамак берилет. Бала бакчанын өзгөчөлүгү орус тилдүү жана ар бир баланын жеке өнүгүүсү үчүн ЖОЖдордун окутуучулары менен бирге иш алып барышат.

Копмплекстин ачылуу аземи жогорку маанайда белгиленип, ага Араван райондук Билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Жакып Мамажанов, Ош шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы Жапар Ормонов, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Бекмурза Зулуев жана Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин проректору Медер Исманов катышышты. Бул менен бирге бакчага балдарын жетелеп келген айыл жашоочулары өзгөчө кубанычта экенин айтышып, өз ыраазычылыктарын билдиришти.

Белгилей кетсек аталган бакча балдарды ар тараптан өнүктүрүп, татыктуу тарбия берүү үчүн Оштогу бир канча жогорку окуу жайлар менен бирге байланыш жүргүзүп, чогуу кызматташууга келишим түздү.

 

Маалыматты даярдаган: ОГПИнин маалымат бөлүмүнүн башчысы Жылкычы уулу Кубанычбек