Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Араван районундагы мугалимдердин кесиптик майрамы

 

Үстүбүздөгү жылдын  2 - октябрында Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн профсоюз комитетинин уюштуруусу боюнча 200 окутуучунун катышуусунда Чил-Устун ресторанында мугалимдердин майрамы өткөрүлдү. Майрамдык салтанатка Араван цемент заводу 50 000 (элүү миӊ) сом акчаны демөөрчүлүк үчүн бөлүп берди. Жогорку Кеӊештин депутаты Өмүрбек Бакиров салтанатка катышып өзүнүн белектерин тапшырып жылуу куттуктоолорун билдирди. Ар бир майрамга катышкан окутуучунун профсоюз өз фондунан акчалай түрдө сыйлап, каалоо тилектерин арнады. Ошондой эле майрамдык кечеге районубуздун акими жана айыл округ башчылары катышышып, өз белектерин тапшырышты.

 

 

 

Араван РПК нын төрагасы:     Б. Турдубаев