Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Англис тилин үйрөнөбүз"

Аксы районундагы Н.Мамбетов атындагы орто мектепте  "Англис тилин үйрөнөбүз" деген темада бир жумалык иш чара уюштурулду. Англис тили дүйнөлүк тил эмеспи. Ошол себептен англис тилин үйрөнүү керек. Аймактарды өнүктүрүү,санариптештируу жана балдарды колдоо жылында, аймактагы мектеп окуучулардын билимдерин ар тараптуу өстүрүүгө шарттар түзүлгөн. Мектеп лагери, англис тилин үйрөнөбүз, бирге окуйбуз программаларынын негизде балдар көп нерселерди үйрөнүшөт. Окуучулар англис тилинде сүйлөгөн элдердин салт -санаасы, маданияты, шаарлары, чыгаан инсандары, географиялык абалын билишет.

Дубал газеталар, буклеттер,макеттер жасалып,көргөзмө бурчтары уюштурулду. Англис тилинде сүйлөгөн окуучулар көрүнүштөрдү аткарышты, ырларды ырдашты, табышмак, макалдарды айтышты.

Жыйынтыктар чыгарылып, жеңүүчүлөргө мектептин профсоюз комитети тарабынан чакан белектер берилди."Тил билсең дил билесиң" дегендей эне тилибизди биринчи орунга коюп, башка тилдерди билүү да  биз үчүн чоң жетишкендик деп эсептейм.

 

Материалды даярдаган:

Наргиза Тотоева