Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Англис тили жумалыгы

Лейлек районунун аймагындагы билим берүү мекемелеринде окуучулардын англис тилине болгон кызыгуусун жана билим сапатын жогорулатуу максатында англис тилинен 10-күндүк жарыяланып, иш чаралар өткөрүлдү.

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу бардык мектептерде ачык сабактар, конференциялар, конкурстар, фестивалдар өткөрүлүп,  дил баяндар жазылды. Дубал газета жана буклеттер чыгарылды, рефераттар жазылып, сүрөт конкурстары уюштурулду. Атап айтканда, “Кара-Булак” орто мектебинде “I love Enqlish” деген темада дубал газеталардын сынагы, “Ак-Терек” орто мектебинде “Англис тили – эл аралык баарлашуунун тили” темасында КВН, К.Казыев атындагы орто мектебинде “Брейн ринг” 6-7класстар арасында, №3 гимназияда  “Мен Англия жөнүндө эмне билем” сүрөт сынагы, “Англис тилинин чактары” (грамматикалык лекция), англис -тил сабагында кыйналган окуучуларга проблемалык сабак , “Достук” орто мектебинде “Enqlish qrammer”  темасында ессе жана буклет, Т.Жолдошов атындагы орто мектебинде “who is the best” деген темада интеллектуалдык оюндар 4-класстардын арасында, “Бел Алма” орто мектебинде “Rooms” деген темада ачык сабак, Ш.Ташполотов атындагы орто мектепте 5-6- класстарда “My enqlish lesson” аттуу темада дил баян сынагы, Токтогул атындагы мектепте “Сlothes make the men” деген темада  ачык сабак,  М.Горький атындагы орто мектебинде   “Enqlish and Kyrqyz meals»  деген темада мелдеш сабактар өткөрүлдү. 

Мындай жумалыктардын өткөрүлүп туруусу окуучулардын билиминин  көтсөткүчүн жогорулатууга, коомдо өзүнүн эркин алып жүрүүсүнө түрткү болот.         

 

Даярдаган:

Марина Сагалиева