Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Алыстагы кесиптештерден кабар алынды.

Алыстагы кесиптештерден кабар алынды.

    Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин өзгөчө кырдаал мезгилиндеги иш аракеттери планын турмушка ашыруу максатында Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.А.Исмаилов жооптуу кызматкерлери менен 2020 - жылдын 26-27-май күндөрү Токтогул району жана Кара-Көл шаарларында болушуп, профсоюз лидерлеринен жана кесиптештерден кабар алышты.

    Обкомдун иш-чарасына ылайык кесиптештерди колдоо үчүн райшааркомдорго 15 миң сомдон 30 миң сом акчалай жардам тапшырылды.

    Борбордук Комитеттин “Жылыдын Бакайы” номинациясынын ээсы, “2019-жылдын Мыкты профсоюз лидери” сыйлыгынын номинанты, Токтогул райкомунун төрагасы Токтомуш Исраилов обкомдун жетекчилигине ыразычылыгын билдирип, оор учурларда ынтымактык, биримдик менен гана сыноолордон чыга алышыбыз мумкундугун турмуш өзү далилдеди деп баса белгиледи.

    Айрыкча мугалимдерди өзгөчө кырдаал учурунда жаңы технологиялар менен сабактарды уюштуруп, аралыктан окутууну жакшы уюштургандыгы чоң жетишкендик экендигин айтып ардагер , аксакал катарында жалпы республиканын мугалимдерине кайрылып, ыраазычылыгын айтип, иштерине ийгиликтер, үй-бүлөлүк бакыт- таалай, бекем ден-соолук каалады.

    Материалды даярдаган: Жалал-Абад обкомунун инспектору –А.Айдаров.