Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Алтын-Бешик» лагеринде эс алып жаткан аз камсыз болгон балдар үчүн акимден таттуулар, балмуздактар, акчалай жардамдар берилди.

Баткен районунун аймагындагы балдардын эс алуусу үчүн 43, ал эми турмушу оор социалдык жактан муктаж балдарга 29 жолдомо бөлүнгөн. Мындан сырткары Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким С. Калыков 25 балага кошумча жолдомо үчүн  КРнын Профсоюздар федерациясына кайрылып, Тажик,Өзбек республикаларынын райондору менен чектеш жайгашкан айылдагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн кошумча 25 балага жолдомо алып, алар бүгүнкү күндө Кара-Булак айыл округуна караштуу “Алтан-Бешик” балдардын эс алуу борборунда дем алып жатышат.

2013-жылдын 25-июлунда Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы –аким С.Калыков, орун басары К. Кыдырова, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областык комитетинин төрагасы З.Бөтөков,   айыл округдун башчысы М.Насиров жана башка тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте “Алтын Бешик” балдардын эс алуу борборунда эс алып жаткан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын аз да болсо кубантуу максатында эс алып жаткан ар бир балага балмуздак, таттууларды беришип, эс алып жаткан окуучулардын окууларына ийгиликтерди каалашып,  көңүлдөрүн көтөрүшүп келишти. Мындан сырткары Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл округуна караштуу “Үч-Коргон” балдар үйүнөн келген 12 балага Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким С. Калыков 12 миң сом акчалай жардамын көрсөттү.

Салтанаттын акырында эс алып жаткан окуучулар тарабынан концерттик программалар тартууланып, оюн-зооктор менен аяктады. 

 

 Баткен районунун Кызыл-Туу газетасынын кабарчысы Г.Эргешова