Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Алиппенин автору ОГПИде

Окумуштуу-педагог, педагогика илимдеринин доктору, профессор, белгилүү балдар жазуучусу Сулайман Рысбаев менен студенттердин жана окутуучулардын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуу окуу жай менен биргеликте  Президенттин алдындагы “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан уюшутрулуп, ага ар бир факультеттен алдыңкы студенттер, окутуучулар жана институтун жетекчилиги катышты.

Жазуучу С.Рысбаев катышуучулар менен бала тарбиялоо, окутуу жана адабият, маданият жаатында сөз баштап, студенттер үчүн айрыкча болочок мугалимдер үчүн өзгөчө таасир калтырган маалыматтары, ой-пикири менен бөлүштү. Мындан тышкары  катышуучулар кызыккан суроолоруна жооп алуу менен агайдын автордук китептери жөнүндө, өмүр таржымалы тууралуу жакындан таанышышып, эркин түрдө маек курушту. Ошондой эле  С.Рысбаев өз сөзүндө  коомдогу азыркы учурдагы сөздүн баркы, күч-кудурети,  китептин баалуулугу, жана жаштардын тарбиясы тууралуу да баса белгилеп,  студенттерди сөз кудуретин баалоого, эне тилди сүйүүгө, жана билимдүү жаштардан болууга чакырып өттү. Жолугушуу жогорку маанайда жыйынтыкталып, келген конокко жана уюштуруу тобуна окуу жай жетекчилиги тарабынан ыраазычылык билдирилди.

 

 

Материалды даярдаган

 Кубаныч Жылкычы уулу