Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Алгылыктуу иштер социалдык өнөктөштөр менен талкууланды!

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы Максат Муратович Мамасыдыков шаардагы мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгына да көңүлүн бурууда.

Шаардык кесиптик бирлик комитети жайкы эс алуу мезгилинде мугалимдердин жана окуучулардын талаптагыдай эс алуусун камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүүгө жетишкен. Азыр болсо ар бир мектептин окуу жылына болгон даярдык маселесине да көз салууда. Жакында №6 орто мектептин директору Гулзат Шерматова менен мектептин окуу жылына даярдыгы жөнүндө маселени талкуулашты.

Аталган мектеп жаңы окуу жылына даярдыгы жакшы экендигин белгилешти. Класстардын бардыгы сапаттуу ремонттон өткөрүлгөн, техникалык куралдар баары текшерүүдөн өткөрүлгөн, ошондой эле техникалык коопсуздук эрежелерин сактоого да көңүл бурулган.

Ошондой эле М.Мамасыдыков мектеп директору менен мугалимдерге сааттардын туура бөлүшүүсү, укуктарынын сакталышы жөнүндө сөз кылышты.

Шаардын мектептеринин жаңы окуу жылына даярдыгы билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитетинин көз кырында боло бермекчи.  

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Жалал-Абад шаардык комитети