Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Алдынкы тажрыйба аймакка жайылтылды

Кара-Көл шаарындагы №3 М.Фрунзе атындагы орто мектебинде 19-апрелде «Жаңы муунга жаңы окуу усулдар» аталышындагы семинар болуп өттү. Семинарга Таш-Көмүр, Токтогул жана Кара-Көл шаарларындагы бала бакчалардын тарбиячылары жана мектеп мугалимдери, окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары катышты. Катышуучулар аталган мектептин директорунун окуу тарбия иштери боюнча орун басары Винара Октонбекованын чыгармачылык отчету менен жакындан таанышып, тажрыйба алмашышты.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында башталгыч класстын мугалими Д.Камбарова «Сложение и вычитание в пределе 20», информатика мугалими Д.Калпакбаев «HTML», химия мугалими Г.Эшимбекова «Химия в нашей жизни», орус тили мугалими Э.Адегамова «Язык мой — друг мой», англис тили мугалими Ж.Жаманбаева «Ready to travel», башталгыч класстын мугалими Н.Шкитина «Традиции и обычаи кыргызского народа» аталышындагы ачык сабактарды өтүштү.

Семинардык экинчи бөлүгүндө катышуучулар тарабынан ар бир сабак өзгөчөлүк, заманбап жаңы усулдук методдор, мугалимдин изденүү чыгармачылыгы менен өткөндүгү айтылып, анализдер берилди. Жыйынтыгында В.Октонбекованы ШБББнүн башчысы Мырзалиева А.Б., профсоюз комитетинин төрайымы Каракозуева А.К. куттуктап,  шаардык мэриянын өкүлү ардак грамота менен сыйлады.

 

Материалды даярдаган:

Каракозуева Айгуль