Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Алдыңкы окуучулар сыйланды. Ноокенде отличниктер слёту

Ноокен районунда 19-май “Келечек” балдар өспүрүмдөр уюмунун түзүлгөн күнүнө карата жана “Ыйман, адеп жана маданият” жылындагы аткарылуучу иш пландын алкагында 22-май күнү райондук “Отличникте слёту” болуп өттү.

         Иш чарага Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э.С.Маматаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.С.Козуев, райондук комитеттин төрагасы К.К.Нышанов, чакырылган коноктор, ата-энелер жана райондогу алдыңкы окуучулар катышышты.

          Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Эркинбек Садырбекович Маматаев алдыңкы жеткинчектерге жакшы каалоо-тилектер менен бирге алдыда турган ар кандай сыноолорго ийгиликтерди каалады.

         Эң мыкты көрсөткүчтөрдү багындырган окуучуларга райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук комитеттин ардак грамоталары тапшырылды. 10 окуучунун ата-энесине уул-кыздарды татыктуу тарбиялагандыгы үчүн ыраазычылыкка каттар берилди. Бир окуучуга Кыргыз Республикасынын Президентинин “Балаты майрамына” катышууга жолдомо, төрт окуучуга Жалал-Абад областынын губернаторунун “Балаты майрамына” катышууга жолдомо, он окуучуга райондук “Балаты майрамына” катышууга жолдомо, он окуучуга “Алаш-Ата” балдар лагерине акысыз эс алууга жолдомо сертификаттары менен сыйланышты.

         Иш чарада катышуучуларга концерттик программа тартууланды. Слётка катышкан окуучулардын маанайы көтөрүлүп, берилген сыйлыктар окуучулар арасында атааңдаштыкты жаратып, дем берет деген ой-пикирлерин билдиришти.

 

Ноокен райондук комитеттин мүчөсү,

№35 Ш.Сүйөркулов атындагы орто мектебинин директору

Улан Уметов