Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аламүдүндүк мугалимдердин август конференциясы

2018-жылдын 24-августунда И.Айдарбеков атындагы №1 Лебединовка мектеп-гимназиясынын базасында  райондун мугалмидеринин  август  конференциясы «Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнүн негизи- бардыгы үчүн сапаттуу билим берүү»деген темада өттү.

Бул конференцияда 2017-2018- жылда райондук билим берүү бөлүмү тарабынан аткарылган иштери боюнча жыйынтык чыгарылып, жаны окуу жылында окуу- тарбия процессин уюштурууда жаңы формаларын аныктап, балдарга сапаттуу жана терең билим берүү боюнча милдеттер кабыл алынды.

Конференцияга Чүй облустук билим берүү бөлүмүнөн, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынан, айыл өкмөттөрүнөн, райондук  профсоюз комитетинен өкүлдөр катышып,  райондук билим берүү тармагындагы жетишкендиктерди жана көйгөйлөрдү белгилешти.

Конференциянын алкагында  жаш адистерди куттуктоо, ант берүү аземи жаш мугалимдерди педагогикалык  ишмердикке шыктандырды.  Билим кызматкерлер профсоюзунун райондук комитети тарабынан  жаш адистерди профсоюз уюмунун мүчөлүгүнө кабыл алып, эстеликке белектер тапшырылды.