Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аламүдүн районунда мыктылар сыйланды

2021-жылдын 18-июнунда Аламүдүн районунда “Жыл мугалими-2021” райондук сынагынын жана окуучулардын олимпиадасынын областтык жана республикалык турунун жеңүүчүлөрүн, аларды даярдагаган мугалимдерин сыйлоо аземи болуп өттүү. Азем Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Т.Т.Жалилов жана орун басары Г.А.Кыштобаева катышуусунда болуп өттү. Сыйлоо үчүн райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан “Жыл мугалими-2021” сынагына элүү миң сом, ал эми олимпиаданын  жеңүүчүлөрүн жана аларды даярдагаган мугалимдерине отуз миң сом бөлүнгөн.

Билим берүү кызматкерлеринин Аламүдүн райондук профсоюз комитети тарабынан сынакка катышкан мугалимдерге миң сомдон, окуучуну олимпиадага даярдаган  мугалимдерге эки миң сомдон акчалай сыйлык ыйгарды. Ошону менен бирге бир нече жылдан бери  окуучуларды республикалык, облустук “Манас таануу” телетаймашга даярдап, байгелүү орунду камсыз кылган Бер-Булак мектебинин мугалими С.Э.Иманкулова жана Төмөнкү Аларча мектебинин мугалими Г.М.Бакесариева балдарды “Алтын түйүн” интеллектуалдык сынакка даярдап, окуучулары жеңишти республикалык дэңгээлде колдон чыгарбай келет.Кесиптик чеберчиликтерин жана педагогикалык таланты, окуучуларды окутуп тарбиялоодо жетишкен чоң ийгиликтери үчүн Президиумдун чечими менен  2 мугалим “Көгүлтүр Ысык- Көл” санаториясына 10 күндөн эс алуу үчүн жолдомо тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Аламүдүн райКБКнын төрайымы Б.Намазбекова