Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Алайдагы алгылыктуу иштер.

2013-2014- окуу жылына билим берүү мекемелерин даярдоо жана жаңы милдеттерди белгилѳѳ максатында Алай районунда да мугалимдердин кеңешмеси 23- августта болуп ѳттү.

Кеңешмеде жаратылган ийгиликтерди белгилеп, алдыдагы аткарылуучу иштерди аныктоо менен , кѳптѳгѳн мугалимдерге түрдүү сыйлыктарды тапшы руу аземи болду.

Быйылкы жаңы окуу жылында мектептерди даярдоого республикалык бюджеттен 1млн 312 миң 684сом, айыл округдарынан 1млн 243 миң 396 сом, түрдүү демөөрчулөрдөн 1млн 476 миң 270 сом, ал эми мамлекеттик эмес уюмдардан 3 млн 404 миң 097 сом жана кайталангыз гранттардан 3млн 200 миң сом акча каражаттары сарпталды.

Үч орто жана бир баштооч мектептердин курулушу кызуу улантылып жатат, 2013-жылдын аягына чейин пайдаланууга берилмекчи.

Кеңешмеде 2013-жыл «Иштерман » жылына карата, профсоюздун Борбордук Комитеты тарабынан жарыялаган «Кесипкѳйлѳр жылында» профсоюз мүчѳлѳрүнѳ кѳптѳгѳн грамоталар жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Атап айтканда Алай рай БББнѳн жана профсоюздун Алай райондук комитетинен 53 грамота 40 миң сом, Алай райондук, Ош областтык мамлекеттик администрациясынан 12 грамота 27 миң сом, Профсоюздун Ош облустук комитетинен 3 грамота жана баалуу сыйлыктар , ОШ облустук билим берүү институту тарабынан 5 грамота берилди

Ушундай эле кеңешме 24-август күнү Ош облусунда өткөн окуу жылынын жыйынтыгы боюнча Алай району Ош облусунда 1 -орунду ээлеп 50 миң сом акчалай сыйлыкка татыды

Мугалимдердин эмгек акысынын райондук билим берүү бөлүмүнүн борборлоштурулган бухгалтериясы өзүнүн ишин баштап ,айыл округдары боюнча мектептерди бѳлүп алышып ,август айы үчүн эмгек акыларын эсептеп бүтүштү.

 

 

Профсоюздун Алай райондук комитети.