Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Алайдагы профсоюздук окуу усулдук семинар

2019-жылдын  29-майында  билим  берүү,  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Ош  областтык  комитетинин  иш  планына  ылайык  Алай  районундагы №1  М.Адышев  атындагы  орто  мектебинде  райондогу  мектептердин, балдар   бакчаларынын профсоюз  уюмдарынын  төрагалары-төрайымдары  үчүн  профсоюздук  окуу  усулдук  семинар  болуп  өттү.

Окуу  семинарга   ошондой   эле  президиум  мүчөлөрү,  райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн  башкы  эсепчисинин  орун  басары, эсепчилери  катышышты.

Профсоюздук  окуу  усулдук  семинарда  билим, илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Ош  областтык  комитетинин  уюштуруу  жана  социалдык  иштер   боюнча  бөлүм  башчысы  М.Аттокуров, укуктуулукту  жана  эмгекти  коргоо  боюнча  башкы   инспектор  Э.Т.Ажиматов, областтык  комитеттин  башкы  эсепчиси  Б.К.Абдыкалыковдор  кеңири  түшүнүк  беришип,  суроолорго  жооп  беришти.

Окуу  семинардын  жүрүшүндө  иш  берүүчүлөр  менен  кызматкерлердин  укуктары  жана  милдеттери,  эмгекти  коргоо  жана  техникалык  коопсуздукту  сактоо,  кадрдык кызматтын  иш  кагаздарын  уюштуруу, социалдык  өнөктөштүктү  өнүктүрүү  жана  2-3 тараптуу  жамааттык  келишимдер,  кызматкерлердин  эмгек  өргүүлөргө  чыгаруунун    жол  жоболору,  убактылуу  эмгекке  жарамсыздык,  кош  бойлуулук,  төрөт  жана  расымдык  сөөк  коюу   боюнча  пособиенин  төлөнүшү  боюнча  кеңири  пикир  алышуулар, суроо-жооптор  болду.

Профсоюздун  окуу  усулдук  семинар  уюшкандыкта,  кызматташтыкта  жана  өз  ара  түшүнүшүү  кырдаалында  өттү.

Билим  берүү  кызматкерлеринин

Алай  райондук  профсоюз комитетинин  төрагасы:                А.К.Абдыкадыров 

президиум  мүчөсү :                      М.Качкынбаев