Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Алай райондук профсоюз комитетинин Пленуму

2021-жылдын  16-февралында  №1 М.Адышев  атындагы  мектеп – гимназиясында  билим  берүү  кызматкерлеринин  Алай  райондук  профсоюз  комитетинин  кезектеги  Пленуму  болуп  өттү.

Пленумга  билим,  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Ош  областтык  комитетинин  төрагасы С.А.Тойгонбаев,  укуктуулук  жана  эмгекти  коргоо  боюнча  башкы  инспектор Э.Т.Ажиматов,  Алай  райондук  профсоюз  комитетинин  төрагасы  А.К.Абдыкадыров,  Алай  райондук  билим  берүү  бөлүмүнуң  башчысы  М.О.Мусаев   жана  32  пленум  мүчөлөрү  катышышты.

Пленумда  негизинен  эки  маселе  каралды.  Биринчи маселе, билим  берүү  кызматкерлеирнин  Алай  райондук  профсоюз  комитетинин  Пленум  мүчөлөрүнө өзгөртүү  киргизүү  жөнүндө болуп, анда  №24 Арпа-Тектир  орто  мектебинин  мугалими  К.Аматовдун  ааламдан  өтүп  кеткендигине  байланыштуу  пленум  мүчөлүгүнөн  чыгарылып, ордуна  ушул  эле  мектептин  информатика  мугалими Камчыбек  уулу  Даткабек пленум  мүчөлүгүнө  сунуш  кылынды.  Сунуш  пленум  мүчөлөрү  тарабынан  бир  добуштан  жактырылды.

2-маселе,  боюнча  билим  берүү  кызматкерлеринин  Алай  райондук  профсоюз комитетинин  төрагасы  А.К.Абдыкадыров 2020-жыл  ичинде  жүргүзгөн  иштери  боюнча  баяндама  жасады.  Баяндама  жасалган  иштерди  чагылдырган  слайддар  менен  коштолду.

Төрага  2020-жыл  ичинде  пандемиялык  шартты  эске  алуу  менен   Борбордук  профсоюз  комитети  менен,  областтык  профсоюз  комитети  менен  биргелешип  жүргүзүлүп  жаткан  иштер жана  райондук  профсоюз  комитетинин  жыл  ичинде  жүргүзгөн  иштери  боюнча  маалымат  берди.

Жылдык  отчет  боюнча  жарыш  сөзгө  чыгышкан  Пленум  мүчөлөрү  С.Арзиев,  Т.Матанова, К.Мусабаев, М.Качкынбаев, З.Абдыкадыровалар  Алай  райондук  профсоюз  комитеинин  ишмердүүлүгүнө  баа  берүү  менен  канааттандырарлык  деп  баалашты.

Пленумда  областтык  профсоюз  комитетинин  төрагасы  С.А.Тойгонбаев  терең  мазмундуу  сөз  сүйлөп  аткарылып  жаткан  иштерге   канааттануу  менен,  алдыдагы  милдеттерге  токтолду.

Ошондой  эле  Пленумда  ойлор,  пикирлер, сунуштар  айтылып  аларды  аткаруу  боюнча  милдеттер белгиленди.  Пленумда  беш  пункттан  турган  атайын  токтом да  кабыл  алынды.

Жыйынтыгында  алдыңкы  пленум  мүчөлөрүнө,  профсоюз   мүчөлөрүнө  билим,  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Ош  областтык  комитетинин  жана  райондук  профсоюз  комитетинин  Ардак  грамоталары  тапшырылды.

Пленум иштиктүү  маанайда  өтүп  жыйынтыкталды.

 

Качкынбаев  Майрамбек,  №36 Б.Нарматов  атындагы  орто  мектебинин  директору,  Пленум   мүчөсү.