Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ала-Бука районунун Р.Кулуев атындагы жалпы билим берүүчү мектебинде “Дени сак инсан” деген темада жолугушуу болуп өттү

Жолугушуу педагогика илимдеринин кандидаты, профессор, акын, Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген машыктыруучусу, Регби федерациясынын Президенти Наралиев Аскаралы Мадалиевич менен болуп, жолугушууга мугалимдер жана мектепти бүтүрүп жаткан өспүрүмдөр катышты. Алгач  Аскаралы Мадалиевичтин кырк жылдан ашуун мугалимдик кесипти аркалагандагы жасаган иштери, бир канча Өлкөлөр менен болгон байланыштары Кыргызстанга кошкон салымдары жөнөндө тааныштырылды.

Андан кийин райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы Ж.Дурусалиев агайды Ала-Бука районуна келип мугалимдер жана жаштар менен жолугуп, кеп кеӊештерин берип айткан жылуу сөздөрүӊүз биз үчүн баа жеткис алдыга умтулууну жаратты деп ыраазычылык катын тапшырды. Балтагулов айыл аймагынын башчысы Б.Садыков, мектептин директору А.Мамбетова, ардагер мугалим С.Карабаев жана башкалар жылуу сөздөрүн айтып агайды куттукташты. Акырында эки саатын тегерегинде А.Мадалиевич мугалим жана өспүрүмдөрдүн берген суроолоруна жооп берип  жаштарга белек бечкетерин тапшуруу менен аяктады.

 

Даярдаган:

Уюштуруу тобу