Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ала-Букада райондук XV конференция болуп өттү

        2017-жылдын  1-июнь  күнү  Ала-Бука  районунда Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун Ала-Бука  райондук  XV конференциясы  болуп өттү.

        Конференцияга   Кыргыз Республикасынын   Билим  жана   илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Борбордук  Комитетинин   төрагасы 

 А. Т.Токтогулов,  Жалал-Абад  обкомунун  төрагасы  А.А.Исмаилов,  Жалал-Абад  обкомунун президиумунун   мүчөлөрү:  профсоюздун  Ноокен райкомунун  төрагасы  К.Нышанов,  ЖАМУнун  бириккен профсоздар  уюмунун  төрагасы К. Болотбеков,  Аксы   райкомунун  төрагасы  

С.  Камчыбековдор катышышты.

        Конференцияга 85  делегаттан  82  делегат  жана  чакырылган  жетекчилер  катышты.

       Конференцияда  2012-2016-жылдарда  Ала-Бука  райкому  тарбынан аткарылган  иштердин  отчету,  райондук  текшерүү  комиссиясынын  отчету угулду. 

     Конференция  райкомдун  жана  текшерүү   комиссиясынын  жаңы курамын  бекитти.

          Райондук  комитеттин  төрагасын  шайлоо  жашыруун  добуш  жолу  менен  өткөрүлүп, анда Жакыпбай  Дурусалиев - 47, Абдыкерим  Тукаев - 34,  Бакытбек  Ешмамбетов - 0 добуш алышты.

        Шайлоонун  жыйынтыгы  менен  Ж.Дурусалиев  жаңы мөөнөткө төрага  болуп  шайланды.

          Конференцияда   Кыргыз Республикасынын   Билим  жана   илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Борбордук  Комитетинин   төрагасы, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор А. Т.Токтогулов профсоюз  уюмунун  алдындагы милдеттери жөнүндө  кеңири сөз  сүйлөдү.