Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ала-Бука районунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүн белгилешти

    2017-жылдын 31-август күнү райондун борбордук аянтына райондогу бардык мекеме уюмдун жумушчулары  Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы белгилөө үчүн жыйналышты, алгач райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы аким А.С.Акпаралиев ачып жалпы элди куттуктоо менен ийгиликтерге токтолуп мындан ары ынтымакты, токчулукту каалап өттү. Куттуктоолор бүткөндөн кийин майрамдык жүрүштөр болуп райондун борборундагы мектептер, мектепке чейинки билим берүү уюмдары , райондук билим берүү бөлүмүнүн жаамааты болуп борбордук аянттан ар түрдүү ураандар жазылган транспаранттарды көтөрүп өтүштү. Майрам күнү мугалимдердин, окуучулардын жүзүнөн кубанычтары билинип турду бири бирине чексиз калоолорду айтып Кыргыз Республикасынын өнүгүп жашоодо бир топ жакшылыктар болгонун айтып көңүлдөрү чайыттай ачык болду.