Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ала-Бука районунда Август Кеӊешмеси

    2017-жылдын 24- август күнү Ала-Бука районунун борборундагы маданият сарайында билим берүү кызматкерлеринин Август Кеңешмеси болуп, кеңешмеге райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким А.С.Акпаралиев, райондук администрациясынын орун басары , мекеме уюмдардын жетекчилери , айыл аймагынын башчылары , ата-энелерден өкүлдөр катышты. Райондун акими А.С.Акпаралиев алгачкылардан болуп август кеңешмесинин катышуучуларын куттуктап жетишкендиктерди белгилеп өттү сөзүнүн акырында алдынкы педагогикалык кызматкерлерге Ардак Грамоталарды жана алкыш баракчаларын тапшырды. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчасы Ч.Турдукулованын окуу жылы боюнча билдирүүсү угулуп акырында жарыш сөздөр,талкуулар , суроо жооптор менен коштолду.Быйылкы август кеңешмесинде бардык айыл аймагынын башчылары мектеп , балдар бакчаларын куттуктоо менен бирге акчалай сыйлыктарын беришти. Август кеңешмесинин экинчи бөлүгүндө жылдын жыйынтыгы боюнча байгелүү орундарды жеңип алган мектептерге жана балдар бакчаларына 1,2,3 даражадагы дипломдор жана профсоюз тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды.Акырында Балдардын чыгармачылык үйү тарабынан уюштурулган концерттик програмасы жана ош шаарынан келген куудулдардын коштоосу менен тартууланды.