Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

АЛА-БУКА РАЙОНУНДА 1-ИЮНЬ БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ

Ала-Бука районунда 1-июнь Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоонун эл аралык күнүнө   карата «Бактылуу балалык» майрамдык салтанат райондук “Жеңиш эс алуу паркында”  “Жаңы муун- Ала-Тоо” жаштар коомдук бирикмесинин колдоосунда “Аюу” компаниясынын, Росинбанк, Эко-Исламик  банк, “Республика” саясий партиясынын өкүлү А.Стамовдун, райондук салык-инспекциясы, А.Капарбекованын демөөрчүлүгү менен  2014-жылдын 30-майында уюштурулду. “Бактылуу балалык” майрамдык  салтанатка  Ала-Бука айыл округуна караштуу “Күнчубак”, “Жоогазын”, “Келечек”, “Алтын”, “Наристе”, “Достук”  мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жогорку тайпасынын тарбиялануучулары жана айыл аймактарындагы социалдык турмуш-шарты оор мектеп окуучулары катышышты. Иш чара мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиялануучуларынын аткаруусундагы мамлекеттик гимн менен башталып,  райондук мамлекеттик администрациясынын орун басары К.Усенбаева жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Акпаралиев ачып, катышуучуларга, балдарга каалоо-тилектерин айтышты. Ала-Бука айыл аймагынын башчысы Г.Умарова жана айылдык кеңештин депутаты А.Мамырбеков, мекеме-ишканалардын жетекчилери куттуктоо сөз сүйлөп, алып келген белектерин беришти. Райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан социалдык турмуш-шарты оор мектеп окуучуларына жеңил чай уюштурулду жана белектер берилди. Майрамдык  салтанат райондук балдар чыгармачылык үйүнүн таланттуу өнөрпоздорунун аткаруусундагы ыр-бийлер менен коштолуп, иш чаранын жүрүшүндө активдүү катышуучуларга  белектер  берилип турду. Ал эми, социалдык турмуш-шарты оор окуучулар  менен биргеликте уюштуруучулар тарабынан атайын уюштурулган кызыктуу оюндар уюштурулуп, ойнолду. Андан сырткары мектепке чейинки  билим берүү уюмдарынын тарбиялануучулары асфальтка сүрөт тартышып, белектер менен сыйланды. Иш чарада мектепке чейинки  билим берүү уюмдарынын тарбиялануучулары тарабынан даярдалган “Манас” эпосунан үзүндүнү хор айтуусу жана  тарбиялануучу кыздардын “Акыйнек” айтышуусу көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурду.

 

Жыйынтыгында майрамдык салтанаттын бардык катышуучуларына демөөрчүлөр тарабынан акысыз балмуздактар берилип, мектеп жашына чейинки  тарбиялануучулар “Батутка” башкача  айтканда, желдеме  атракционго акысыз түшүп секирүүгө К.Көчөрбаев демөөрчүлүк көрсөттү. Майрамга келген  ата-энелер, катышуучулар уюштуруучуларга демөөрчүлүк көрсөткөндөргө  ыраазычылык  билдирүү менен көңүлдүү кайтышты.

Даярдаган: мектепке чейинки  билим берүү уюмдарынын куратору:  А.Алматова.