Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ала-Бука районунда жаӊы кичи футбол сарайынын ачылышы болду

Ала-Бука районунда  31-октябрь күнү жаштар үчүн жаӊы кичи футбол сарайынын ачылышы болду.Кичи футбол сарайын райондун жеке ишкери Парпиев Таалай өзү каржылап ишке берди. Ачылуу аземинде райондук администрациядан, жергиликтүү кеӊештен, райондогу аксакалдардан,мекеме уюмдардан өкүлдөр куттукташып мындан ары ушул спорт залда машыккан жаштарга ийгилик терди каалап өтүштү. Райондун айылдарынан командалар келип кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү мелдешке билим берүү тармагынан да бир команда катышып жыйынтыгында экинчи байгелүү орунду камсыздады. Жыйынтыгында Ж.Дурусалиев 35 жашка чейинки спорттук иш чаралар көп өткөрөлүп жүргөн болсо бүгүн кичи футбол боюнча биринчи жолу өткөнүнө токтолуп мындан ары үзгүлтүкө учурабай жылына бир жолу ушундай иш чара унтылса деген сунушун берип  ийгиликтерди каалады.

 

Материалды даярдаган:

Дурусалиев Жакыпбай