Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ала-Бука районун М.Алымбеков атындагы жалпы билим берүү мектебиндеги жолугушуу

Ала-Бука районун М.Алымбеков атындагы жалпы билим берүү мектебинин жааматы райондук профсоюз комитетинин төрагасы Ж.Дурусалиев менен жолукту.

Алгач сөздү мектеп директору Бекиев Тайыр агай баштап мектепте болуп жаткан ийгиликтерге жана анча мынча көйгөйлөрүнө токтолуп сөздү Ж.Дурусалиевге берди төрага 2020-жыл бир Кыргызстанда эмес дүйнө жүзунтүйшүккө салганын айтыпмугалимдер окууну аралыктан болсо да билим тарбиясын бергенине токтолуп мамлекет айлык акыларын толук берип турганына профсоюздун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогуловдун салымы чоң экендигин баса белгилеп өтт. Бардык кыйынчылыктар артта калганын мындан ары жакшылыктар менен коштолушун айтып мугалимдерге дем күч каалады.Мугалимдерден майрам күндөргө акы төлөө боюнча берилген суроолоруна жоопторду алышты.Д.Сабирова,А.Кожобекова, Ж.Раимова, Д.Баязовалардын жүктөмдөрү боюнча берген суроолоруна ордунда мектеп администрациясы менен сүйлөшүү жолу менен оң жагына чечип берилди жогорудагы мугалимдер ыраазычылыктарын беришти.Мындан сырткары коптогон суроолоруна жоопторду алышты. Ден соолугу боюнча эки мугалим жолдомо сурады ал да ордунда чечилди жайкы эс алуу боюнча да кеңирисоз болду. Асакал мугалим Моомбеков Ысманалы агай мектеп администрациясы Ж.Дурусалиевге жакшы калоолорун айтып тез тез келип туруусун суранды.

Даярдаган М.Алымбеков атындагы орто мектебинин Кесиптик уюмунун төрайымы Самара Чолпонкулова.