Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Акыркы коңгуроо салтанаты уюшкандыкта өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2017-жылдын 31-мартындагы №373/1-буйругуна ылайык Ысык-Көл областынын Ак-Суу районундагы 35 мектепте  райондук билим  берүү бөлүмү тарабынан бекитилген план-программалар боюнча 2016-17-окуу жылын жыйынтыктоо жана «Акыркы коңгуроо» салтанаттуу линейкасы уюшкандыкта өткөрүлдү.

     Район боюнча 11-классты 766 окуучу, ал эми 9-классты 1078 окуучу аяктап, анын ичинен 7 окуучу артыкчылык күбөлүкө татыктуу болушууда.

     Билим жана илим министрлигинин өкүлү Д.Чонтоев, областтык мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун директору К.Шарипов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Темиралиев районубуздагы Ж.Ашубаев атындагы орто мектебинин салтанаттуу линейкасына күбө болушту. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, коомчулуктун өкүлдөрү да мектептеги салтанаттуу линейкага катышышып, бүтүрүүчүлөргө, мугалимдерге куттуктоолорун айтышып, ийгиликтерди каалашты.

     Ошондой эле райондук укук коргоо органдарынын өкүлдөрү да мектептерге келип, окуучулардын коопсуздугуна, тартипке көзөмөл кылышты.

     Районубуздагы бардык мектептерде окуу жылынын жыйынтыгында жакшы көрсөткүчтөрдү бере алышкан мугалимдерге жана окуучуларга, мектеп жетекчилерине  айыл өкмөттөрү, мектептерге колдоо көрсөткөн демөөрчүлөр тарабынан Ардак грамоталар, акчалай сыйлыктар ыйгарылды жана мектептерди 10, 20 жыл мурда аяктаган бүтүрүүчүлөр тарабынан дагы мектептерге ар тараптуу колдоолор көрсөтүлдү.

     Мисалга айта кетсек К.Эшимбеков атындагы орто мектепте да «Акыркы коңгуроо» аземи салтанаттуу өтүп, Каражал айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Бараканов, Тегизчил айылынын аксакалдар сотунун төрагасы Ж.Дүйшекеев, айылдын аялдар жана жаштар Кеңешинин мүчөлөрү, ата-энелер комитети, ардагер мугалимдер куттуктоо сөздөрүн айтышты.

     Салтанаттуу азем аталган мектепте 11-классты бүтүрүп жатышкан 19 окуучу-ну, 10 жыл, 20 жыл мурун бүтүп кеткен меймандарды салтанаттуу тосуп алуу менен башталып, Кыргыз Республикасынын гимни ырдалды. Мектеп директору Т.Атыгаев, окуу бөлүмүнүн башчысы Н.Токторбаева сөз сүйлөшүп, татыктууларга грамоталарды тапшырышты.

     Мектеп турмушунун алдыга жылуусуна, өсүшүнө салым кошкон «Абдылда ата» атындагы стипендиясынын уюштуруучусу Ысык-Көл областынын фитосанитардык  инспекциясынын башкармасынын орун басары Сагынбаев Азамат, «Гүлай эне» атындагы стипендиянын уюштуруучусу, айылдык Кеңештин депутаты Алышбаев Нургазы, Каражал айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Курумшаева Үмүт алдыӊкы окуучуларга стипендияларын беришип, бүтүрүүчүлөргө ийгилик  каалашты.

     Соңунда мектептин таланттуу окуучулары чакан концертин тартуулашып  10 жыл, 20 жыл мурун бүткөн бүтүрүүчүлөр өз куттуктоолорун айтып өтүшүп, коңгуроо кагылып, салтанаттуу азем жыйынтыкталды.

Ушундай эле салтанаттуу иш чаралар районубуздун бардык мектептеринде жогорку денгээлде өткөрүлдү. Бул иш чараларды уюштурууга баштапкы профсоюз уюмдары колдоо көрсөтүшүп, зор салымдарын кошушту.

 

Айжан Төрөева,

Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин башкы адиси.