Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Акыркы коңгуроо

Аксы районунда 25-май  күнү акыркы коңгуроо салтанаты болду. Уядан учуп бараткан бүтүрүүчү класс,мотурайган бөбөктөр 1-класстар концерттик программа тартуулашты. Бул салтанатка райондук билим берүү бөлүмүнөн, мэриядан өкүлдөр, ардагер мугалимдер , он жыл, жыйырма жыл мурда мектепти бүтүргөн бүтүрүүчүлөр келип катышышты. Жакшы каалоо тилектер айтылды.Жаш муундарга талыкпай тарбия берген мугалимдер "Ардак грамота "менен сыйланышты. Ошону менен бирге эле көп жылдан бери иштеп келе жаткан, тажрыйбалуу мугалимдер Илим билим берүү кесип бирлик комитетинин "Ардагер мугалим " төш белгиси менен сыйланышты.  34 жылдан бери Надыр Мамбетов мектебинде физика сабагынын мугалими, окуу бөлүмүнүн башчысы Турдукан Жолдошовага "Ардагер мугалим " деген төш белги ыйгарылды. Ардактуу эс алууга аттанып турган башталгыч классынын мугалими Шерматова Айнагүл эжеке да төш белгинин ээси болду.  Үзүрлүү эмгек жолдорунда көптөгөн окуучуларды тарбиялап, уядан учурушкан. Тарбиялаган балдары өз жолдорун табышып ,ар түрдүү кесип ээлери болду.Эжеке окуткан балдары он жылдык жолугушууга келип отурат.  "Мугалим мөмөлүү дарак "дегендей мөмөлөрү менен сыймыктанышат.  Түйшүктүү, татаал кесип ээлери мугалимдер эмеспи. Ошондуктан мугалимдерге моралдык, материалдык жактан колдоо көрсөтүп келген Аксы районунун кесип бирлик комитетинин төрагасы Сагын Камчыбековго ыраазычылык 
билдиришти. 

"Ардагер мугалим "төш белгиси менен биздин мектепте 15 кесип бирлик мучөлөрү сыйланышкан. 


Материалды даярдаган:

Наргиза Тотоева