Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Акыркы коңгуроо жогорку деңгээлде белгиленди!

Жалал-Абад шаарындагы Р.Санатбаев атындагы №9 инновациялык мектеп-гимназиясында 25-май күнү акыркы коңгуроо кагылды.

Аземге Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы К.Акунов,  КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси И.Масабиров жана Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Р.Алтымышовтор катышышты.

К.Акунов “25-май акыркы коңгуроо” майрамы  менен жалпы билим берүү кызматкерлерин жана бүтүрүчүлөргө калоо-тилегин айтып, профсоюздук кыймылды өркүндөтүүгө салым кошуп жаткан кызматкерлерге шааркомдун Ардак грамотасы  жана белектер менен сыйлады.

Маалыматты даярдаган:

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитетинин Жаштар Кеңешинин төрагасы

М.Мамасыдыков.