Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Акыркы коңгуроо аземи аралыктан өткөрүлдү.

Акыркы коңгуроо аземи аралыктан өткөрүлдү.

    Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы мектептерде кырдаалга байланыштуу акыркы коңгуроо аземи аралыктан өткөрүлдү.

    Кадамжай району боюнча 2019-2020-окуу жылында 11-классты жалпысынан 1873 окуучу аяктап жатат. 30 бүтүрүүчү «Алтын тамга» аттестатына талапкер. 2019-2020-окуу жылында 9-классты 3160 окуучу бүтүрүүдү, 44 окуучу артыкчылык күбөлүгүн алуу алдында турушат. Быйылкы жылы 5 окуучу предметтик олимпиаданын облустук турунда 1-2-орундарды ээлеп, республикалык турга жолдомо алышты.

    Акыркы конгуроо аземи аралыктан өткөнүнө байланыштуу райондук билим берү бөлүмүнүн башчысы Орозбаев Жениш бүтүрүүчүлөрдү жана мугалимдерди видеокайрылуу менен куттуктады. Ошондой эле Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Момошов да акыркы конгуроо аземи менен куттуктап, келечек ээлерине ийгилик каалады. Андан сырткары бүтүрүүчүлөрдү белгилүү ырчылар, теле алып баруучулар, акындар онлайн куттуктоолорду, видеокуттуктоолорду тартуулашты.

Материалды даярдаган Билим жана илим кызматкерлеринин

Кадамжай райондук комитетинин

уюштуруучу адиси: Кошатова Айзирек Сүйүновна.