Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Акыры болор бар заман….»

 

Жашоо кыйындап, товарлардын баасы күн санап өсүп, кылычтын мизиндей  курч заманда адамдар жан сактоонун айла-амалын издеп турган  учур  келди. Кѳкүрѳгүндѳгү кѳйгѳйүн кимге айтарын билбей турган учурда 2014-жылдын 16-август күнү Каракол шаарынын музыкалык драма театрында Чыныбай Акунов баштаган депутаттар менен жолугушуу болду. Күн нѳшѳрлѳп жаап, суук болуп турса да мамлекеттик  бюджеттин  негизинде  эмгектенген медицина жана билим  берүү  тармагынын кызматкерлери келе баштады. Зал жыкжыйма толду. Депутаттар  кечигип  келгендигине  кечирим  сурап,  дароо эле  суроо-жоопко ѳтүштү. Ар кыл азыркы учурда жүрѳктү ѳйүгѳн  суроолор  берилди.  Ал эми кѳкүрѳгүндѳгү көйгөйү ашып- ташыган  мугалимдердин атынан Каракол шаардык билим берүү кызматкерлеринин профсоюз уюмунун төрөайымы  Касымалиева  Жыпар  Үсөновна суроо менен  кайрылды. 25 жыл мектепте эмгектенип, мугалимдердин табитин тамырынан  кармап  билген  Жыпар  Үсөновна  өз  сөзүндө  мугалимдердин абалы  оор  экенин,  Каракол шаары боюнча  895 мугалим  эмгектенсе, анын ичинен  573 мугалим  5 минден  төмөн  маяна ала тургандыгын  факт менен  белгиледи.  Акыркы жылдары  мугалимдердин маянасы  көтөрүлдү деп бийик сөздөр айтылганы  менен  Каракол шаары бийик тоолуу аймак эмес, же айыл эмес, же чоң  шаар  эмес, кыскасы, эч кандай акча кошулбастан, ортодогу  жабырлануучу тарап  боюнча кала  берген. Айтор, күн санап  өсүп  жаткан бааларга  караганда  мугалимдердин маянасы жан кейитерлик абалга келди.    

Чыныбай Акунов жооп иретинде  жалгыз эле  мугалимдер эмес  жалпы эле карапайым калктын абалы  оор экенин, бажы  союзуна  өтө  турган  болсок, мындан да  баанын  жогорулай  тургандыгын айтты.  Бардык калктын катмарын  чыдамдуулукка, сабырдуулукка  чакырды.

-Силерден, мугалимдерден, Дүйшөндөй мугалимдер чыккан, балдарды  патриоттуулукка,  Ата Мекенди  сүйүүгө тарбиялайсынар, силер калктын  интеллигент катмарысыңар, - деп толкундап  турган  мугалимдердин демин басты. Ооба, биз чыныгы  мекенибиздин патриоту катары балдарга билим берип тарбиялай беребиз. Акчабыз  жакынкы арада көбөйсө деле, же көбөйбөсө деле иштей беребиз. Анткени класстагы 30 окуучунун  жоодураган  көздөрү  жүрөгүбүздү эритип жатпайбы.  Бирок  үмүттүн шооласы  өчпөйт дегендей, жакынкы арада мамлекет билим берүү  тармагына көңүлүн буруп эмгек акыбызды жогорулатат деп ишенбиз. Калыгул олуя атабыз айткандай: «Акыры болор бар заман …»

 

                        №11-гимназия-мектебинин мугалими:  Өмүрканова Л.С