Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аксылык мугалимдер Арстанбапта

Аксы райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлиги 5,6,7-июль күндөрү “Арстанбап турбазасы” эс алуу жайына 2021-2022-окуу жылынын аягында жакшы ийгилик көрсөткөн мугалимдерди 3 күндүк кыска мөөнөттүү эс алууга жөнөттү. Эс алуу спорттук оюндар менен коштолуп, мугалимдерге жаркын маанай тартуулады. Эс алуунун экинчи жарымында Арстанбапта жайгашкан чон жана кичи шаркыратмаларына саякат кылышты. Жаратылыш коюнунда көнүлдүү эс алышып,  жаркын маанайда кайтышты. Эс алууну уюштургандыгы үчүн Аксы райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы С. Камчыбековго ыраазычылык билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Укук жана эмгекти коргоо техникалык инспектору Н.Сатылганов