Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аксыдагы алдыӊкы мектеп

2018-жыл президентибиздин жарлыгы боюнча "Аймактарды өнүктүү жылы"деп белгиленди. Аталган жылда Аксы районуна караштуу Надыр Мамбетов мектебинде алгылыктуу иштер жүргүзүлдү. Мектеп материалдык базасын бекемдеди. Видео көзөмөл орнотулду, күнөсканалар кенейтилди, спорттук ийримдер үчүн бокс залы бүткөрүлүп, ишке берилди.
Мектептин директору Калыбек Урустемов. Калыбек Урустемов бейөкмөт уюмдар менен иштешип, мектептин кирешелүү чарбасын өнүктүрдү.  Алманын, помидордун, картошканын, жүгөрүнүн жаны сорттору өстүрүлдү.
Мектеп тажрыйба аянтын иштетүү боюнча райондо алдыӊкы орунду ээлейт. Мындан сырткары мал чарбачылыгына да көӊүл бурулган. Огородтон түшкөн чоптор малдарга тоютка берилет. Региондорду өнүктүрүү жылында мектепте көптөгөн иштер аткарылды. Улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракеси белгиленип райондук деӊгээлде семинар өткөрүлдү. Семинарда жазуучунун чыгармалары сахналаштырылып, "Чыӊгыз жана анын каармандары", "Асел жана Иляздын махабаты"деген тамада ачык сабактар өткөрүлдү.
Н.Мамбетов мектебинин түптөлгөндүгүнүн  90жылдык мааракеси белгиленди. Мектеп 1928-жылы ашар жолунда курулган. 2018-жылга чейин мектепте 13 директор иштеген. Билим берүү тармагында 57 мугалим эмгектенет. 13 мугалим эл агартуунун отличниги, министрдин,  райондун ардак грамоталары менен сыйланган мугалимдер арбын.
Ата-энелер  менен да тыгыз иш алып барылат.Демөөрчү болуп класстарды жаӊы стилде жабдуулап, телевизор, эмеректерди алып беришкен. Окуучулар предметтик олимпиадаларга катышышып байгелүү орундарды багындырышкан. Спортко кызыгып мектептин атын алыска тааныткан окуучулардын саны арбын. 21-кылым техниканын заманы болгондуктан мектепте интернет, Wi-Fi булактары орнотулду,  2 компьютердик класс ачылды. Бул да окуучулардын сабактарга болгон кызыгууларын өстүрөт. Мектептин мындан ары өнүгүүсүнө жалпы мугалимдер өз салымдарын кошушуна, замандын талабына ылайык жаш муундарга татыктуу тарбия беришине ишенебиз.