Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аксыда залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш чара болуп өттү

2018-жылдын 12-декабрында Аксы районундагы №35 Т.Үмөталиев атындагы баштапкы профсоюз комитетинин төрайымы  Нуржан  иш планына ылайык уюштурулган   окуучулар арасында  Ч.Айтматовдун  90 жылдыгына карата  иш чара болуп өттуү. Иш чара  РБББнун усулкана башчысы У.Атаканов, Билим берүү жана ипилим кызматкеринин  профсоюзунун Аксы райондук комитетинин  бухгалтери  Т.Султамуратов жана мектеп жетекчилери жана окуучулардын катышуусунда  өттү. Мугалимдер жана окуучулар арасында  атайын уюштурулган  Айтматовдун «Ак кеме», «Бетме-бет», «Кызыл Алма » аттуу чыгармаларынан үзүндү  аткарып беришти.  Иш чаранын жыйынтыгында РБББнун адиси У.Атаканов, райком профсоюздун бухгалтери Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш чаранын катышуучуларын куттуктап, иш чара жогорку деӊгээлде өткөндүгүн белгилеп өтүштү. Мыкты катышкан окуучуларга, мугалимдерге райком профсоюз тарабынан  «Ардак Грамота» берилди.

 

Маалыматты даярдаган: Таалай Султамуратов