Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районунун С.Качыкеев мектебинин мугалимдери эс алып келишти

Аксы районунун С.Качыкеев атындагы №1 Таш-Дөбө жалпы орто мектебинин мектеп жамааты кесип бирлигинин көмөгү жана мугалимдердин өз каражаттары менен жайкы эс алуу мезгилинде «Кереметтүү Сары-Челек» көлүнө барып көңүлдүү эс алып келишти.

Профсоюз мүчөлөрү жакшы маанайда ар түрдүү оюн-зоок орду уюштурушуп, көңүлдөрүн көтөрүштү. Мугалимдер эс алууда өздөрүнүн ден соолуктарын чыңдоо максатында Сары-Челек көлүнүн жээгинде болушту. Эс алуу күнүндө ар бир мугалим өздөрүн абдан жакшы, көңүлдүү сезишкени байкалып турду.

Ушул аты аталган С.Качыкеев мектебинин  профсоюз мүчөлөрүнүн  мектеп жааматы  кесип бирлигинин төрайымы Эгембердиева Уларага өз деңгээлинде  уюштурулгандыгы учун ыраазычылыктарын  билдиришти. Ошондой эле кесип бирлигинин көмөк көрсөтүп жаткандыгына терең ыраазычылыктарын билдирип, жакшы ой-пикирлерин айтышты. Эс алуу абадан көңүлдүү, мыкты деңгээлде өттү.

 

 

Маалыматты даярдаган: С.Качыкеев атындагы №1 Таш-Дөбө мектебинин КБКнын төрайымы У.Эгембердиева