Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районунун мугалимдери эс алууда

Билим жана илим кесиптик бирлигинин Аксы райондук комитетинин төрагасы Сагын Камчыбеков ийгилик жараткан кесиптик бирлик мүчөлөрүн кыска мөөнөттүү эс алууга  алып барды. Эс алуу кыргыздын бермети болгон көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде болду. Райондун атын алыска чыгарган ардактуу мугалимдер, конкурстун жеңүүчүлөрү, мыкты профкомдор жолдомо менен барышты. Мындай эс алуу жылына уюштурулат. Кесиптик бирлик комитети тарабынан 20 эс алуучуга 4 күнгө 126 000 сом чыгымдалды. Эс алуу мугалимдеркге жаңы дем, жаңы күч берип, жаңы ийгиликтерди багындырууга шыктандырды. Райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Сагын Камчыбековго баары ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Н.Мамбетов атындагы №6 орто мектебинин КБКнын төрайымы Н.Тотоева