Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районунда окуучулар жайкы эс алууга жөнөтүлдү.

Аксы районунда «Сары-Челек» балдардын ден соолукту чыңдоо борборуна эс алууга  180 окуучу жөнөтүлдү.Окуучулар 10 күн боюу айтылуу Сары-Челек көлүнө жакын жайгашкан жаратылышты кооз Жылгын капчыгайында эс алышат.Эс алууда бардык шарттар түзүлгөн.

Окуучуларды Сары-Челек»балдардын ден соолукту чыңдоо борборуна МАИ кызматкерлеринин коштоосу менен жеткирилип,лагердин ачылышы болду.Ал жерде Билим берүү илим кызматкерлеринин профсоюзунун Аксы райондук комитетинин төрагасы С.Камчыбеков,Райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн башкы инспектору,милициянын подполковниги Темиралиев Нуралы, «Сары-Челек» балдардын ден соолукту чыңдоо борборунун директору Шайдиев  Абдибали жана башка жолдоштор жайкы эс алуунунун ачылышы менен куттуктап жана көңүлдүү эс алуусун каалашты.

Маалыматты даярдаган:         М.Өмүрбекова