Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районунда мектепке чейинки билим берүү уюмдарында ачык эшик күнү уюштурулду

Аксы районунда  Жибек мектепке чейинки билим берүү уюмунда ата -энелер үчүн ачык эшик күнү уюштурулду. Бала бакчадагы шарттардын түзүлгөндүгү, тарбиячылардын эмгектери, балдардын кызыгуулары менен ата - энелер, комитеттин мүчөлөрү таанышышты.  Жогорку тайпанын тарбиячысы Ашыралиева Гулжамал балдарга жана алардын ата энесине ачык сабак өттү. Бала бакчага ата энелер демөөрчү болуп, көптөгөн материалдык, финансылык маселелерди чечүүгө көмөктөшкөн.  Аксы районунун кесиптик бирлик комитети да артта калбай жардам берип келет. Кесип бирлик мүчөлөрүнүн дем алуусуна, ден соолугун чыңдоосуна шарттарды түзүп, мыкты мүчөлөргө сыйлыктарды ыйгарып келет. 

Тарбиячы Ашыралиева Гулжамал эжеке балдарды тарбиялоодо чыгармачылык менен иштегендиги үчүн Аксы районунун кесип бирлик комитетинин Ардак грамотасы менен сыйланды. 


       Материалды даярдаган

Наргиза Тотоева