Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районунда бүтүрүүчүлөргө күбөлүктөр тапшырылды

2019-жылдын 21-июнунда Республика боюнча 9-класстардын бүтүрүүчүлөрү, окугандыгын тастыктаган мамлекеттик документ - күбөлүк алышты. Надыр Мамбетов мектебинде да бул салтанат өткөрүлдү. 2018-2019-окуу  жылында аталган мектепте 46 окуучу 9-классты бүтүрдү. Мектеп директору Урустемов Калыбек агай сөз сүйлөп, бүтүрүүчүлөргө ийгилик каалап, билимдүү жаштар мамлекетибиздин келечеги экендигин баса белгилеп өттү. Бардык бүтүрүүчүлөр алдыдагы мамлекеттик экзамендерди ийгиликтүү тапшырышты. 

Борбордук тестирлөөлөрдүн, окууда "эң жакшы" жетишкендиктердин негизинде 3 окуучу кызыл күбөлүккө  ээ болду. Бул бүтүрүүчүлөргө мектептин кесип бирлик комитетинин төрайымы Наргиза Тотоева да өз каалоолорун айтып, кызыл күбөлүктүн ээси болгон окуучуларга сыйлыктарды тапшырды. "Билимдүүнүн түнү күн, билимсиздин күнү түн" - дегендей билимдүү дайыма алдыга өзөт. 


Материалды даярдаган:

Наргиза Тотоева