Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районунда "Билимдүүгө дүйнө жарык" деген темада областтык семинар болуп өттү

Жалал-Абад облусундагы Аксы районуна караштуу Ж.Мамытбеков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде "Окуучуларды предметтик олимпиадаларга даярдоонун ыкмалары" жана "Ийгиликтин ачкычы -сапаттуу билим жана татыктуу тарбия "деген темада областтык семинар өткөрүлдү. Бул семинарга областык усулдук борбордун өкүлү Ш.Шанова,райондук билим берүүнүн башчысы  У.Зыябекова райондордон,шаарлардан келген физик мугалимдер катышышты. У.Зыябекова сөз сүйлөп, семинарды ачып берди. 

Семинарда физика мугалими Умарова Сүйүм эжекенин окуучуларды олимпиадаларга даярдоонун ыкмалары менен таанышышты. С.Умарованын окуучулары областык, республикалык, дүйнөлүк олимпиадаларга катышышып байгелуу орундарды ээлеп келишет. 

2017 - 2018 - окуу жылында Республикалык олимпиадага 3 окуучу катышып, физика предметинен Сыдыков Эрназар 1 - орунду ээлеп, дүйнөлүк олимпиадага Ташкенттеги Самаркант шаарына барып катышып 3 - орунду ээлеп чоң ийгиликке жетишкен. Мындан башка да окуучулары физика предметинен Республикалык олимпиадаларга катышып келишет. Алтынбек уулу Элмирбек, Абарбекова Тансулуу, Алтынбек кызы Толгонай олимпиадалардын женүүчүлөрү, эжекенин сыймыктанган окуучулары. Семинардын катышуучулары көптөгөн ыкмалар мене таанышышты, маалыматтарды алышты. Умарова Сүйүм эжекенин иш тажрыйбасы областка жайылтылды.


             Материалды даярдаган:

Наргиза Тотоева Аксы району