Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районунда "Айыл чарба өндүрүшү аркылуу тамактанууну жакшыртуу" деген темада семинар өткөрүлдү

2019-жылдын 11-апрелинде Аксы районундагы Н.Мамбетов атындагы орто мектебинде "Тоолуу Агро экосистемаларда тамактанууну жакшыртуу" долбоорунун алкагында акция өткөрүлдү. 

Долбоор Швейцария Кызматташуу жана өнүгүү Агенттигинин Азык-түлүк коопсуздук жана Глобалдык Программасы - GPFS SDC тарабынан колдоого алынып Жалал-Абад Айылдык Конституциялык Кызматы "БИОСЕРВИС Коомдук фонду жана ФОД  BIO-KG" Граждандык Альянс тарабынан аткарылып жатат. Долбоордун максаты: Айыл чарба өндүрүшүн туруктуу иштетүү, сапаттуу кайра иштетүү ресурстарын натыйжалуу пайдалануу аркылуу үй бүлөлөрдүн кошумча киреше алуу мүмкүнчүлүктөрүн жана тамактанууну жакшыртуу. 

"Өзүбүз өстүрөбүз өзүбүз" деген темада конкурс өткөрүлдү. Козүбүзгө корүнгөндүн баары тамак эмес экендигин ар бир катышуучу түшүнүк алды. Жашылча, жемиштерди базардан сатып албай, өз жерибизде өстүрүп тамак-ашка колдонсок, витаминге бай жашылчалар менен организмди чыңдайбыз.

Акцияга райондук билим берүү бөлүмү тарабынан өкүл, СЭСтен, ата-энелер, айыл тургундары келип катышышты.  Катышуучуларга белектер берилди. 

                       

  Материалды даярдаган: Наргиза Тотоева