Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аксы райком профсоюзу баштапкы уюмдарын мүчөлүккө кабыл алды

2018-2019-окуу жылында ачылган «Эдельвейс» жана Р.Кожоматова атындагы м.ч.б.б.баштапкы уюмдары профсоюз мүчөлүгүнө кабыл алуу арыздарынын негизинде Билим берүү илим кызматкерлеринин профсоюзунун Аксы райондук комитетине мүчөлүккө кабыл алынды. Баштапкы уюмдарында профсоюз  чогулушу болуп, чогулушка Аксы райком пррофсоюзунун торагасы С.Камчыбеков,бухгалтер Т.Султамуратов,укук жана эмгекти коргоо инспектору М.Омурбековалар катышты. Төрага С.Камчыбеков жаӊы профсоюз мүчөлөрүн куттуктоо менен бирге профсоюз уюмунун жобосу менен тааныштырып, профсоюз уюму жөнүндө кеӊири маалыматтарды берди. Ошону менен бирге баштапкы уюмдардын төрайымдарын шайлады. Баштапкы уюмдардагы 32 профсоюз мүчөсү  профсоюздук билет жана карточка менен камсыз болушту.

Маалыматты даярдаган: Укук жана эмгекти коргоо инспектору М.Омурбекова