Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аксакалдын сөзү – акылдын көзү

   Баткен районунун билим берүү мекемелеринде  улгайгандар күнүн мугалимдердин кесиптик майрамы менен удаалаш өткөрүү салтка айланган.

    Быйыл да улгайгандардын күнүнө арналган салтанатка  мектептерде көп жыл бою иштешип, учурда ардактуу эс алууда жүрүшкөн эмгек ардагерлери жана ардактуу эс алууда жүрүшсө дагы  мектептерде иштеп жатышкан агайлар жана эжейлер, райондук билим берүү бөлүмүнүн мурдагы башчылары, Кыргыз Республикасынын мектептерине эмгек сиңирген мугалимдер катышышты.

    Ардагерлерди раймамадминстрациянын башчысы – аким К.Салихов жана райБББ башчысы А.Зайитов, РПК торагасы Т.Жумаев, ошондой эле айыл өкмөттөрүнүн башчылары майрамдары менен куттукташып, чын ден соолук жана бакубат жашоо каалашты. Сый тамактын үстүндө ардагерлер оор күндөрдөгү мектептердин жана мугалимдердин абалы жөнүндө эскеришип, азыр бир топ жакшыргандыгын жана мугалимдерди материалдык жана моралдык жактан колдоого мамлекет тарабынан жакшы көңүл бурулуп жаткандыгын белгилешти. Ардагерлерге райондук билим берүү бөлүмүнүн жана кесиптик бирлик уюмунун майрамдык белектери тапшырылды. 

Ардагерлер  улгайгандарга кам көрүп, майрам уюштургандыгы үчүн райакимчиликке, райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук кесиптик бирлик уюмунун жетекчиликтерине, айыл өкмөттөрүнүн башчыларына  терең ыраазылык билдиришти.

Райакимдин орун басары К.Кыдырова карыя мугалим

Б.Тайировго сыйлык тапшырууда.

 

Аземдин сый-тамагы айыл өкмөттөрүнүн эебинен уюштурулду. Райондук комитет ардагердерди сыйлоо үчүн 12 500 сом жумшады.  

 

Баткен РПКНын  адиси                  А.Масалиев