Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

АКМО-2018 олимпиадасынын райондук туру болуп өттү

     Кадамжай районунда мектеп окуучуларынын  математикалык АКМО-2018 олимпиадасынын райондук туру болуп өттү. Олимпиада Кадамжай-Семетей лицейинин базасында өтүп, ага аймактык турдан тандалып алынган мыкты окуучулар катышышты. Ошондой эле иш чарага Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким  Ж.Исаков,  райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.О.Гайбуллаев, билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, мектеп  мугалимдери жана ата-энелер жамааты катышышты. Иш чаранын жыйынтыгында мыктылар танадалып алынып, жеӊүүчүлөр олимпиаданын облустук туруна жолдонмо алышты.