Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Акимдин иш сапары”

2019-жыл 9-чу апрель күнү “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылында Токтогул районунун жаңы Акими Т.Т.Жайыловтун кезектеги таанышуу максатындагы иш сапары Токтогул райондук Билим берүү мекемесине келип соз сүйлөп, суроолорго жооп берип мекеменин иш жайы менен таанышты. Бул иш-чарада Токтогул районунун Профсоюз комитетинин төрагасы Т.Исраиловтун суроо-сунуштарын угуп, колдоп жакынкы мезгилде чара көрөрүн айтып өттү. Токтогул шаар ичиндеги жана районго жакын жайгашкан айылдардагы интернети жок мектептерге жана бала-бакчаларга интернет маселеси боюнча тийиштүү органдарга тапшырма берип чечип берэм деп убадасын айтты. Чогулушка Токтогул районунун Билим берүү мекемесинин жалпы жамааты, башчысы Д.Сулпукарова жана Токтогул районунун Профсоюз комитетинин төрагасы Т.Исраилов, зам. Аким Айна Нават кызы болуп катышышты. Аким   Т.Т. Жайылов иш жүзү менен таанышып бүткөн соң Профсоюз комитетине жана Билим берүү мекемесине эң жакшы деген баа берди.

 

Материалды даярдаган:

Исраилов Токтомуш