Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Акимдин алгылыктуу иштери

Кыргыз Республикасынын  Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата алдыңкы билим берүү кызматкерлерине өзгөчө камкордук көрүү менен райондук мамлекеттик  администрациясынын башчысы-аким Каныбек Сагынбекович Апбасов 25 билим берүү кызматкерлерине Чолпон–Ата шаарындагы «Ак-Толкун» эс алуу жайына 3 күндүк жолдомо тапшырды.

Мындай саамалык райондо 1-жолу болуп жаткандыктан жолдомого ээ болгон алдыңкы мугалимдер ыраазычылыктарын билдиришти.

Ал эми айыл өкмөт башчылары, мекеме – ишканалардын жетекчилери эс алуучулар үчүн алып барып келүүчү автоуналардын жол кирелерине жардам беришти.

Билим  берүү  кызматкерлеринин райондук профсоюз комитети тарабынан эс алуучулардын жолдогу тамак-аштары жана эс алуулары үчүн 20 000 (жыйырма миң) сом акчалай колдоо көрсөтүлдү.

Үч тараптуу  келишимдин алкагында (Алай  райондук  мамлекеттик  администрация - райондук билим берүү  бөлүмү - райондук профсоюз  комитети) мындай  саамалык билим берүү кызматкерлерине дем берип окуу-тарбия иштеринин  сапатына  мыкты  таасирин  тийгизет  деген  ишеничтебиз.

Эң мыкты мугалимдерди келерки жылы спонсорлорду тартуу менен Турцияга жөнөтүү жагы да пландаштырылууда.

 

Маалыматты даярдаган: Алай райондук КБКнын төрагасы А.К.Абдыкадыров