Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Биз – СПИДге каршыбыз!”

2019-жылдын 29-ноябрь күнүнөн тарта 1-декабрга чейин  ЖАМУнун бардык бөлүм- факультеттеринде администрация, баштапкы профсоюз уюмдарынын жетекчилеринин уюштуруусу менен студенттер ” Биз – СПИДге каршыбыз!” – деген ураандын астында, шаардын көчөлөрүн аралап, жөө жүрүшкө чыгышты. Студенттердин колоннасын МАИнин патрудьдук кызматкерлери жана “Медициналык тез жардам” кызматынын бригадасы коштоп жүрүүсү тургундардын көлүлүн буруп, түшүндүрмө баракчаларды таркатууга ыңгайлуу жагдайдын  түзүлүүсүнө түрткү боло алды. Акция-жүрүшкө катышкан студенттер, СПИД илдети тууралуу маалыматтар, аны жуктуруп алуунун жолдору, СПИД менен ооруп калгандар кайрылуучу медициналык мекемелер, маалыматтын купуялуулугуна кепилдиктер тууралуу пайдалуу кеңештер камтылган баракчаларды щаарыбыздын тургундарына жана шаарга келген меймандарга таркатышты. Ушундай эле баракчалар ЖАМУнун бардык окуу корпустарынын алдында студенттерге да таркатылып, маалыматты жайылтуу иши уюшкандыкта өттү.

Жөө жүрүш акциясы Жалал-Абад шаарынын “Спутнпк” кичи шаарчасында жайгашкан ЖАМУнун “Медицина”

факультетинин окуу корпусунуан башталды

Акциянын катышуучулары шаарыбыздын көчөлөрүн  аралап өтүшүүдө

Акция “Педагогика жана Маалымат-технологиялар”  факультетинин окуу корпусунун  алдында улантылууда

 

 Даярдаган:

Нуржан Баитова