Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ак жол сага бүтүрүүчү!

ЖАМУда “Ак  жол сага бүтүрүүчү - 2018 !!!” акциясы , мамлекеттик сынактарды ийгиликтүү тапшырып жатышкан бүтүрүүчүлөрдүн арасында , эки жумадан бери улантылып келүүдө. Жакында ЖАМУнун Р.Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында “Ак жол сага бүтүрүүчү!!!” аттуу студенттердин бүтүрүү кечеси болуп өттү. Ал эми 21-июнь күнү ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин бүтүрүүчүлөрүнүн кечеси чоң салтанат менен өткөзүлдү. Бүтүрүү кечелерине 2018-жылдын бүтүрүүчү студенттери, профессордук окутуучулук курам, ата-энелер, студенттер жана белгилүү ырчылар   катышышты. Кече ЖАМУнун профкомунун баштапкы профсоюздук  уюмдарынын  колдоосу жана жаштар комитетинин уюштуруусу менен жасалгаланып, кызыктуу концерттик программанын коштоосунда  шаңдуу болуп, жогорку деңгээлде өтүүдө. Окуудагы мыкты жетишкен ийгиликтери үчүн бүтүрүүчүлөр диплом жана мактоо баракчалары менен сыйланышты. Окуу жайдын жетекчилиги жана чакырылган коноктор  бүтүрүүчү студенттерге өздөрүнүн тилектерин билдиришип, каалоолорун айтышты. ЖАМУнун кылымга тете  тарыхый 95 жылдык , эсте калаарлык мезгилинде бүтүүүчү болуу   өзүнчө чоң бакыт экендигин баса белгилөө менен бүтүрүүчүлөрүбүз да жүрөктөн чыккан сөздөрүн сүйлөштү .Ак  жол сага бүтүрүүчү !!!

Божуева Эльмира - Математика адистигин артыкчылык диплому менен бүтүрүүчүсү

ЖАМУнун  “Педогогика жана маалымат технологияларфакультетинин «Математика» адистигинин мыкты бүтүрүүчүлөрү

ЖАМУнун “Табигый-техникалык факультетинин алдыңкы бүтүрүүчүлөрү

Жалал –Абад колледжинин бүтүрүүчүлөрүнүн  слтанатынын ачылышы

Бүтүрүүчүлөрдү ата-энелер да кызуу куттуктап, каалоолорун айтышууда

 Райымжан кызы Жумагул ыр десте тартуулоодо

Белгилүү ырчы  Данияр Эрматов бүтүрүүчүлөрдү куттуктоодо