Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ак-Суулуктар Ысык-Көл областынын VI спорттук Манасиадасына активдүү катышышты

   Жакында Ысык-Көл областынын Каракол шаарында «Манастын урпактары – дени сак улут» деген ураандын астында “Ыйман, адеп жана маданият жылына” арналган жаш өспүрүмдөр арасында спорт оюндарынын бокс, баскетбол, волейбол, стол тенниси, футбол, күрөштүн түрлөрү, самбо, жеңил атлетика, шахмат, ордо, тогуз коргоол, таэквондо, оор атлетика түрлөрү боюнча Ысык-Көл областынын YI Манасиадасы болуп өттү.

    Манасиада үч баскыч менен өткөрүлдү:

I баскычында областагы бардык жалпы билим берүүчү мекемелеринде массалык түрдө өткөрүлдү.

II баскычы – областагы райондордун жана шаарлардын жалпы билим берүү мекемелеринин курама командаларынын арасында болду.

III баскычы – финалдык беттешүүлөр Каракол шаарында 3-апрелден 9-апрелге чейин  Ак-Суу, Жети-Өгүз, Түп, Тоң, Ысык-Көл райондорунун, Балыкчы, Каракол шаарларынын спорттук командаларынын арасында болуп өттү.

    Областтык Манасиадага  билим берүү кызматкерлеринин Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин колдоосу менен спорттун түрлөрү боюнча Ак-Суу районунун командасы дагы активдүү катышышты.

    Спорттук Манасиаданын негизги максаттары:

- Манас эпосундагы патриоттуулук, айкөлдүк сезимдерди жаштар арасына жайылтуу менен аларды ыймандуу жана адептүү тарбиялоо;

- жаштарды дене тарбия жана спорт аркылуу сергек жашоого үндөө;

- күчтүүлөрдү аныктоо жана спорттун түрлөрү боюнча областыбыздын жаш -өспүрүмдөрүнүн жана уландар-кыздар арасындагы курама командасын түзүү;

- спорттун түрлөрү боюнча спорттук сабактарды, секцияларды үзгүлтүксүз өтүүнү жөнгө салуу менен ден соолукту чыңдоого багыттоо;

- “Ыйман, адеп жана маданият жылын” белгилөө.

    Ак-Суу районунун командасы жакшы жетишкендиктерди көрсөтүшүп, жыйынтыгында бул мелдешке катышкан 7 команданын ичинен III орунга ээ болушту жана кубок, медаль, дипломдор менен сыйланышты.

    Ал эми спорт түрлөрү боюнча төмөндөгүдөй алдынкы  орундарды ээлешти:

I орунга - стол тенниси боюнча (машыктыруучу Осмонов Р), баскетбол (балдар командасы, машыктыруучу Кусеинов Н).

II орун –волейбол (машыктыруучу Тоялинов М), баскетбол (кыздар командасы, машыктыруучу Кусеинов Н).

III орун-футбол (машыктыруучулар Турдукожоев М., Саткын уулу Шергазы).

IY орун- ордо ( машыктыруучу Чалов К).

    Бул иш чараны уюштурууга Ак-Суу райондук профсоюз комитети финансылык колдоо көрсөттү жана райондук Балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин профсоюз уюмунун төрагасы Чалов Каныбек агай өз жардамын көрсөтүп, натыйжада областтык жалпы жыйынтык боюнча Ак-Суу районунун командасы жакшы көрсөткүчтөрдү жарата алышты.

 

                                                                                                                             Айжан Төрөева,

Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин башкы адиси.